Адам баласы ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, эркин тандоо мүмкүнчүлүгү жана кылган иш-аракеттери менен айрымаланат эмеспи… Өзүбүз тууралуу бир нече маалыматтар көп бирок, барын эле биле бербесек керек. Андыктан, бул тууралуу кызыктуу фактыларды топтодук.
1. Сиз бул сүйлөмдү окуп жатканыңызда денеңиздеги 50 000 клетка өлүп, анын ордуна жаңылары келет.
2. Орто эсеп менен 4 жаштагы бала күнүнө 450 суроо берет.
3. Эгерде сиз адамдын денесиндеги темирдин баарын чогултсаңыз, анда сиз саат үчүн кичинекей бир бурама аласыз.
4. Көк көздүү адамдар башкаларга караганда ооруну сезгич келишет.
5. Адам төрөлгөндөн баштап мээсинде 14 миллиард клетка бар жана бул сан өлгөнгө чейин көбөйбөйт. Тескерисинче, 25 жылдан кийин күнүнө 100 миңге кыскарат. Бир баракты окууга сарптаган мүнөттө 70ке жакын клетка өлөт. 40 жаштан кийин мээнин деградациясы кескин ылдамдайт, 50 жаштан кийин нейрондор (нерв клеткалары) кургап, мээнин көлөмү кичирейет.
6. Адамдын оң өпкөсү сол өпкөгө караганда көбүрөөк абаны кармайт.
7. Адамдын оозунда 40 000дей бактерия бар.
8. Адамдын денесинде 2000ге жакын даам сезүү органдары бар.
9. Адамдын көзү 10 миллион түстү айырмалай алат.
10. Эртең менен адамдын бою кечкиге караганда болжол менен 8 миллиметрге жогору болот.
11. Көзүбүз төрөлгөндөн бери бирдей өлчөмдө болот, бирок мурун менен кулагыбыздын чоңоюу токтобойт.
12. Көзүңдү ачып чүчкүрө албайсың.
13. Кадимки адам уйкунун толук жетишсиздигинен ачкачылыктан тезирээк өлөт. Өлүм уйкусуз 10 күндүн ичинде болот, ал эми ачарчылык бир нече жумадан кийин болот.
14. Оң колдуулар сологойлорго караганда орто эсеп менен 9 жылга көп жашашат.
15.Кызарганда ашказаныңыз да кызарып кетет.
16.Тиш адамдын денесинин өзүн-өзү айыктыра албаган жалгыз бөлүгү.
17.Дүйнөдө 7% гана сологойлор бар
18.Адам өмүр бою өскөн башындагы чачтын узундугу 725 километрди түзөт.
19.Эгерде бирдей эгиздердин биринде тигил же бул тиш жок болсо, эреже катары, ошол эле тиш экинчи эгизде жок болот.
20.Балдар жазында эң тез өсөт.