Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү (U-20) боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемионатында күмүш медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 68 кг чейинки салмакта катышты. Алгач ¼ финалдык беттешинде тайбейлик балбандын жаракатына байланыштуу жеңиш Гүлнура Таштанбековага ыйгарылды.
Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:10 эсебинде жеңди. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште япониялык балбанга жеңилип, күмүш медалга ээ болду.