7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ташиевдин уулу менен таанышмын». Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

621

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Актилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети токтотулду.

УКМКдан билдиришкендей, 22-июлда болжол менен саат 02:30дар чамасында «Актилек-автодорожный» өткөрүү пункту аркылуу «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаа чек ара сызыгына баш ийбей, каршы тилкеде өткөрүү пунктунун аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана Кыргызстандын жараны токтотулган.

Кармоо учурунда С.А.Э. аттуу жаран жоопкерчиликтен качуу максатында, аскер кызматкерлерин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин таанышы болом деп коркуткан.

Аталган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда кылмыш иши козголду.

Ал эми кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622