7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюлду

771

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда (№ 146) «Элдик Курултай жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Конституциялык мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал КРнын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган.

Ошону менен бирге конституциялык мыйзам Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат:

• Элдик Курултайды өткөрүү мезгилине шайлануучу делегаттардын сандык курамы аныкталган;

• делегаттарга талаптар, делегаттарды шайлоонун принциптери белгиленген;

• Элдик Курултайда каралуучу маселелер, ыйгарым укуктары, башкаруу органдары, ошондой эле Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу тартиби аныкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772