Актёр, режиссёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолборсова наристе жытын жытташат. Жакшы жаңылыгы менен түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
«Биздин бактыбызды сөз менен жеткирүүгө болбойт, Бизде ушундай жаңылык… Ар бириңиздердин дубаңыздарга, жакшы сөздөрүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз. Ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырсын»,- деп жазды ал.
Түгөйлөр 2017-жылы баш кошушкан.