7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурамжылоо: Садыр Жапаровду элдин 91 пайызы колдойт

639

Президент Садыр Жапаровдун рейтинги өсүүдө. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.

Сурамжылоо 2023-жылдын 5-майынан 25-майына чейин жүргүзүлүп, ага 18 жаштан жогорку курактагы 1 миң 492 кыргызстандык катышкан. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго респонденттердин 91%ы ишеним билдирген.

Президенттен кийин экинчи орунда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков турат. Ага респонденттердин 69%ы ишенет.

Андан кийинки орунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турат, ага респонденттердин 68%ы ишенет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрелинде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында Садыр Жапаровго респонденттердин 38%ы ишенерин билдирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640