7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

628

Бүгүн, 28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 27-июлда саат 22:50дөн баштап “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Кыргыз Республикасынын ФМ алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматттык маалыматтык тутумунун “АМТ” ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

Эскерте кетсек, ЕАЭБнин мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн республиканын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумун (АМТ) колдонот. АМТ ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган.

Белгилей кетсек, КРнын УКМК Чек ара кызматынын Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иштеп жатат.  Айдоочулар жана жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629