7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте батирге уурулукка кирип, көп суммадагы акчаны уурдаган шектүү кармалды

321

Бишкекте батирге уурулукка кирип, көп суммадагы акчаны уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 18-январында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 6-кичи районунун көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде жайгашкан батирге белгисиз жарандар мыйзамсыз кирип, үйдөн 82 миң доллар акчасын жана алтын буюмдарын жашыруун уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1984-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шекүүнүн ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылууда.

Көңүл буруңуз! Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлерине кайрылыңыз.

Байланыш телефону: 0706 23-33-06 жана 102.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

322