7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Оштогу «Төлөйкөн» ат майданы кандай оңдолуп жатканын көрдү

753

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облустук «Төлөйкөн» ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына быйыл спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого республикалык бюджеттен 45 миллион сом бөлүнгөнү туурасында маалымат берилди.

Бүгүнкү күндө иштердин негизги бөлүгү аяктады. Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:

— жаңы конференц-зал куруу;
— ат чабыш жолуна жана көк-бөрү оюн талаасына кум төгүү;
— негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;
— сырткы жарыктандырууну орнотуу;
— жаңы тосмолорду орнотуу.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, ат майданын капиталдык реконструкциялоону белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754