7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаты Жолдошбаев коомчулуктан кечирим сурады

215

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу үн катты. Бул тууралуу депутаттын басма сөз кызматы билдирген.

Азыркы учурда кызуу талкуу жараткан окуя эртең менеки саат 09:30 чамасында болгон. Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө чыгыш тарапты көздөй бараткан депутат Камчыбек Жолдошбаевдин Lexus үлгүсүндөгү автоунаасына бир аты белгисиз чолок көчөдөн чыга калган Mercedes автоунаасы жол бербей, эки унаа кагылыша түшкөн. Негизги жол Lexus автоунаасына тиешелүү болсо да капыстан чыга калган Mercedes автоунаасы жол жүрүү эрежелерин одоно бузуп, митаамдык кылып, Lexus автоунаасына келип, анын рулда олтурган айдоочусуна эмес, арткы орундугунда олтурган депутат Камчыбек Жолдошбаевге асылган. “Оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан” айдоочу кой айга келбей жол кырсыгына депутатты айыптаган. Көп өтпөй депутатты демиткен жигит телефонунун камерасын иштетип, документтерин көрсөтүүсүн талап кылып, чагым жасаган. Жаш жигиттин мындай орой мамилесинен улам ачууланган депутат аны сөккөнгө аргасыз болгон. Жол кырсыгынан кийин эки машина тең жол инспекциясынын айып аянтчасына токтотулган.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев бул жол кырсыгынын айынан айыпкерлердин чагымына жооп берем деп, ачууга алдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сурайт”,-деп коомчулуктан кечирим сураган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

216