7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш компаниялардын биринин директору алдамчылыкка шектелип кармалды

254

Бишкекте алдамчылыкка шектелип курулуш компанияларынын биринин директору кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын октябрь айында шаар тургуну арыз менен Ленин РИИБине кайрылган. Арызда шектүү 2019-жылдын 14-сентябрь күнү Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен ишенимге кирүү жолу менен көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батирге жасалма келишим түзгөн. Андан соң 50 миң доллары өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алып андан кийин ал убадасын аткарбай, белгисиз тарапка из жашырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1969-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Ленин райондук соту карап, эки айга СИЗО-1ге камакка алган.

Териштирүү иштеринде Ленин РИИБине дагы 9 жаран кайрылып, шектүү адам алдап кеткенин айтышкан. Учурда тергөө кызматы шектүүнүн башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогун текшерүүдө.

Кимде-ким сүрөттөгү жарандан жабыркаган же башка маалыматтарды билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 352-947, 0312 654-494, 0700 911-119 жана 102

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

255