Бишкекте жаранга күч колдонуп тоноп, акчасын тартып алгандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-январда саат 04:40 чамасында Элебаев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде К.С. аттуу жаранга эки адам тарабынан кол салуу болгон. Алар күч колдонуп ачык эле акча талап кылып 3 миң сом өлчөмүндөгү акча жана жеке буюмдарын тартып алышкан.
«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 201-берененин негизинде (Тоноо) сотко чейинки териштирүүгө алынды. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган Т.К. жана Ч.У. кармалды. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат», — деп берилет маалыматта.
