7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

№64 мектеп-гимназиянын мугалими окуучуга ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды

359

Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназияда тарых сабагынын мугалими окуучуга жыныстык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды.

Бул факт боюнча тиешелүү райондун ички иштер бөлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренеси («Уятсыз иш-аракеттер») менен сотко чейинки териштирүү ишин ачты.

Шектүү мугалим кармалып, убактылуу камакка алынды. Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык 2020-жылдын 13-январында №64 мектепке мугалим болуп кирген жаран 1995-1997-жылдары Республикалык психикалык диспансердин балдар бөлүмүндө каттоодо болгон.

Ага бала кезинде «борбордук нерв системасынын жабыркоосунан кийин психикалык жана интеллектуалдык өнүгүшүнүн кечеңдөөсү» деген диагноз коюлган. Кийинчерээк ал каттоодон чыгарылган.

Мектеп окуучусу ыдык көргөн окуядан улам Октябрь районуна караштуу бардык орто мектептердеги кызматкерлер менен мугалимдерди текшерүү башталды.

Билим берүү жайларына ишке алууда Республикалык психикалык саламаттык борборунан тастыктама талап кылыш керек экендиги эскертилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

360