7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте дем алыш күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт

215

Борбор калаада ишемби, жекшемби күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чараны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Октябрь райондук акимчилиги менен биргеликте уюштурууда. Түштүк магистраль Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта (12-кичи району) саат 10:00дө башталат.

Жарманкеде азык-түлүктөргө коюлган баалар:

  • Эт азыктары — 380-390 сом;
  • Жумуртка (10 даанасы) — 85-90 сом;
  • Үй тооктору — 180-200 сом;
  • Көлдүн айраны — 37-38 сом;
  • Өсүмдүк майы — 113-123 сом;
  • Картошка — 22-23 сом;
  • Пияз — 11-13 сом;
  • Сабиз — 20 сом.

Ошондой эле жашылчалар, суусундуктар жана башка азыктар коюлат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

216