Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бүгүн, 3-августта УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Адиев, Башкармалыктын өздүк курамы жана ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты.
Президент өз сөзүндө кызматкерлерди жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө ролун белгиледи.
Жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттары бар бардык талаптарга жооп берген керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган.