7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшанбек Сабиров ЕБ Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан менен жолугушту

242


Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландар жана Кыргыз Республикасы жана Европа Биримдиги ортосундагы кызматташтыктын башка маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министрдин м.а. белгилегендей, Кыргыз Республикасы Бишкек шаарында өкмөт башчылар деңгээлиндеги «Европа биримдиги – Борбор Азия» Алгачкы экономикалык форумун өткөрүү демилгесине өзгөчө маани берет.

«Европа биримдиги жана Борбор Азия аймагынын өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын алга жылдыруу боюнча Сиздин жеке салымыңызды белгилеп кетким келет. Кыргыз тарап Форумдун жыйынтык Резолюциясында штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан Экономикалык Форумдун катчылыгын түзүү тууралуу чечим чыгаарына ишенет. Катчылык ЕБ-БА өлкөлөрүнүн ар кыл борборлорундагы ар жылкы форумдарды өткөрүү жана ага даярдык көрүү, жалпы аймакка кызыкчылык туудурган трансчекаралык мүнөздөгү өлкөлүк долбоорлорду тандоо жана даярдоо менен алектенет. Бул сунуш коңшу өлкөлөрдүн жана Европа биримдигинин колдоосун табат деп ишенем», — деп билдирди Равшанбек Сабиров.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы аймактагы интеграциялык процесстерди күчтөндүргөн суу ресурстары боюнча трансчекаралык долбоорлорго басым жайсайт.

«Биз Борбор Азиядагы суу-энергетикалык баланска өзгөчө маани беребиз. Тандалып алынган аймактык долбоорлор аймак өлкөлөрүндө имплементациядан өтүшү керек. Биз экономикалык форумга даярдыкты баштадык, Форумду өткөрүү жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү, мамлекеттик органдарга трансчекаралык мүнөздөгү долбоорлорду даярдап, кароого киргизүүсү жана аны Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өз визавилери менен талкуулоосу тапшырылды», — деп кошумчалады вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Өз кезегинде Атайы өкүл Петер Буриан Европа Биримдиги жана Кыргыз Республикасынын артыкчылыктары дал келээрин белгиледи.

«Бул «жашыл экономика» жана санариптештирүү жаатындагы позицияга тийиштүү. Мен кыргыз тарап бул багытта активдүү иштеп жаткандыгын көрүп жатам. Мындан ары карай биз мыйзам, укук үстөмдүгү, ошондой эле актуалдуу темалар саналган адам ресурстары, тарбия, билим берүү, ченемдик кадамдар жана иликтөөлөр жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы кадрларды даярдоо, гендердик теңчилик багытында иштешүүнү сунуштайбыз», — деди Атайы өкүл.

Мындан тышкары, Петер Буриан белгилегендей, алдыдагы «Европа биримдиги – Борбор Азия» форуму аймактык маанидеги долбоорлорду жылдыруу үчүн мыкты пикир алышуу аянтчасы болот.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тышкы эмгек миграциясын жоюу максатында жарандар үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгы тууралуу сөзүнө таянуу менен, Буриан өлкө президенти тарабынан айтылган келечек пландардын ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

243