Чүй облусунун аймагынан Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эне үй-жайы жоктугун айтып,бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканын жарыялап, коомчулуктан жардам сурап кайрылган.
УКМК терагасы Камчыбек Ташиев аталган аймакка барып, Айзада Абдуллаева менен жолугуп, маселесин тактап, ага жашоо үчүн бардык шарттары бар жаны турак-үйүнүн кыска убакытта куруп берүүнү убадалаган болчу.
Арадан беш ай убакыт өтүп Абдуллаевага убадаланган заманбап үйдүн курулушу аяктады.
Камчыбек Ташиев жеке өзү барып, үй ээлерин куттуктап, жаңы турак жайды 5 балалуу энеге тапшырды.