7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкент–Ысык-Көл–Ташкент багыты боюнча жаңы каттам жанданды

666

Бүгүн «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкент–Ысык-Көл–Ташкент багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Салт боюнча «Silk Avia» авиакомпаниясынын ATR 72-600 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Ташкенттен жаңы каттам менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 56 жүргүнчү учуп келсе, 56 адам кайра Ташкентке учуп кетмекчи.

Белгилей кетсек, бул жаңы Өзбекстандык «Silk Avia» авиакомпаниясынын биринчи эл аралык каттамы.

«Манас» эл аралык аэропорту бул каттамга байланыштуу баардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667