
Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов бардык тармакта кыскартуулар болорун айтты. Ал парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын билдирди.
Эгер өкмөттүн башына келсе, өлкөнүн чарбалык-экономикалык иштери менен алек болорун кошумчалады.
«Мен мамлекетке карызмын. Менин таржыйба топтоом үчүн мамлекет 20 жыл инвестиция кылды. Кадр биринчи кезекте таза болуш керек, анан тажрыйба да сөзсүз керек. Алдыда мамлекеттик кызматтагы тажрыйбамды колдонуп иштеп берем«,-деди Марипов.