7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жабырлануучу жигит: 10 жашымдан бери 3 бөлөм зордуктап жүрдү

216

SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 19 жаштагы тургуну кайрылып, «2010-жылдан бери бөлөлөрүм коркутуу, үркүтүү жолу менен зордуктап жүргөн» деп билдирди. Редакция бизге кайрылган адамдын аты-жөнүн ачык бербейт.

Ал бир жума мурун милицияга арыз жазган.

«Алгач 4-классымда болду. Бөлөлөрүмдүн үйүнө конокко барганбыз. Эшикте ойноп жүрсөк эле мени бир бөлөм малиналардын арасына жетелеп алып барды. Мен ойнойт экенбиз деп ойлогом. Бирок бир аздан кийин кармалап тийишип баштады. Менин күчүм жеткен жок. Шымымды чечип, жаман ишин кылды. Ыйлап жатсам, бирөө-жарымга айтсаң өлтүрүп коём деп кетип калды. Мен ыйлап анан үйгө кирдим.

Ошондо 2010-жылдан 2015-жылга чейин эки бөлөмдөн кордук көрүп келдим. Ал эми 2015-жылдан кийин Каныш-Кыяга келгенде кошунамдын баласы зордуктап жүрдү. Ал 2000-жылы туулган бала. Акыркы жолу 2021-жылдын 15-январында болду. Ошондон кийин милицияга арыз жазууну туура көрдүм дагы милицияга арыз жаздым. Канча жолу аракет кылдым, бирок коркуп айта албай жүргөм. Эми туугандарым дагы бул окуя боюнча билгендиктен аларга ишенип, бул зөөкүрлөрдүн аягына чыгайын деп чечтим», — деп билдирет жабырлануучу адам.

Жабырлануучу милицияга арыз жазгандан кийин Ош шаарына экспертизадан өтүүгө барган. Анда «артында» айрылып, кайра бүтөлгөн белгилер бар экендиги белгилүү болгондугун жабырландым деген адамдын эжеси айтат.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына кайрылып төмөнкүчө маалымат алдык.

«26-январь күнү Чаткал РИИБине 20 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, 2011-жылдын жай айынан баштап 2012-жылдын кыш айына чейин бир тууган 2 бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир бала күч колдонуп зордуктап келгендигин, аталган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.

Аталган факты Чаткал РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Ал эми арыз ээсине психикалык экспертиза жүргүзгөндө ал психикалык жактан жабыркай тургандыгы аныкталды. Мындан улам анын айткандарынын чын-бышыгын дыкат иликтөө керек», — деп билдирди басма сөз кызматынан.

Булак:Super.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

217