7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасында коррупциялык схема аныкталды

302

Жылытуу мезгилинде «Кыргызжылуулукэнерго» Мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын муктаждыктары үчүн жасалма күйүүчү май менен камсыздоо үчүн коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана филиалдары ишкерлер менен алдын-ала макулдашып алышып, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларына жеткирилген мазуттун ири көлөмүн жасалма жол менен мазутту сатуу боюнча финансылык документтер түзүлгөнү аныкталды. Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталып, ал тиешелүү тартипте мамлекетке өндүрүлүп берилди.

Мындан тышкары, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кант жылуулук менен камсыздоо ишканасы» филиалында, 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде мазут жеткирүү үчүн документтерди жасалма жол менен каттагандыгы үчүн коррупциялык схемасына бөгөт коюлду. Аталган ишкананын жетекчилиги ЖЧК биринин өкүлү менен келишим түзүп, жасалма жол менен ири көлөмдө мазут каттаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, учурда УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыян аныкталды. Мыйзамсыз иштерге катышкан бардык адамдар жоопко тартылмакчы»,- деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

303