7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто унаа уурдап, ири суммада жасалма акча менен ишкердик кылып жүргөн 5 жаран кармалды

292

Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан ири суммадагы жасалма акча менен ишкерлерди алдап 2 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууалуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматына белгисиз жаран белгисиз автоунаасына ок атуучу курал салып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Буга ылайык жүргүзүлгөн иш чаранын жүрүшүндө “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаада кесилген ок атуучу курал табылган. Ал эми кармалган жаран 2 жылдан бери издөөдө жүргөн, ошондой эле ал фамилиясын өзгөртүп алгандыгы аныкталган. Унаа Бишкек шаарынан уурдалгандыгы айкын болду.

Кармалган учурда 4 шериги менен кармалып алар тарабынан уурдалган эки авоунаа табылды. Бир автоунаа Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда жашырып койгон. Экинчисин Ош шаарына минип келишкен. Автоунаа уурулук боюнча арыз Бишкек шаарында катталгандыктан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Биринчи май РИИБнине өткөрүлүп берилди.


Ал эми эки жыл мурда Кара-Кулжа районунда 310 миӊ жасалма рубль берип бал челекчи ишкерди алдагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылынын жашоочусу 35 жаштагы Р.А Кара-Кулжа РИИБини убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмышка шектүү Р.А шериги А.Сга жасалма 5000 рубль купюрадан турган 310 миӊ рубль акча берип ишкерге жөнөтөт. Ал 2018-жылдын 30-сентябрында болжол менен саат 20:00 чамасында өзүн “Максат” деп тааныштырып, алдоо жолу менен ишкердин ишеничине кирип 1740 (бир миң жети жүз кырк) киллогорам балын 310 000 (үч жүз он миң) жасалма орус рубль акчага сатып алып кеткен. Балга берилген орус рубль акча каражаттары жасалма экендигин жабырлануучу 56 жаштагы Р.С бир нече күндөн кийин билген.


Натыйжада жабырлануучу Р.С га 328 422 (үч жүз жыйырма сегиз миң төрт жүз жыйырма эки) сомдук материалдык зыян келтирилген.
Аталган жайгдай боюнча 2018-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 198-бер. 2-бөл. 1-п., 166-бер. 2-бөл. 3-п. каралган кылмыштын белгилери жазык иши козголуп, 2019-жылдын 15-январында аймактык караштуулгу боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн топтолгон материалдар Кара-Кулжа РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлгөн.


Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлери тарабынан 2020-жылын 18-июнунда кылмышка шектүү 31 жаштагы А.С кармалган. Ал жасалма акчаны пайдаланып шериги “А” аттуу жаран менен бирге ишкерлерди алдагандыгын тастыктаган.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-бер. негизинде Кара-Кулжа РИИБдин УКЖна киргизилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 104-бер. Ылайык 2020-жылдын 20-июнунда бөгөт коюу чарасы Кара-Кулжа райондук соту тарабынан эки айга камакка алуу түрү тандалып, ага Кыргыз Республикасынын 348-бер. менен шектенүү берилип, соттук кароого жиберилген.


Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү “А”аттуу атуулдун өздүгү такталып, ал Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылынын жашоочусу 19.09.1986-жылы туулган Р.А.А экендиги белгилүү болгон. Ал изин жашырып качып кеткендиктен 2020-жылдын 22-декабрында шектүү Р.А бөгөт коюу чарасы Кара-Кулжа райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан сырттан каралып, анын бөгөт коюу чарасы катары кармалган күндөн тартып эки айлык мөөнөткө сырттан камакка алуу түрү тандалган жана 2020-жылдын 23-декабрында ага карата издөө жарыяланган.

Ал 22.09.2015-жылы фамилясын өзгөртүп А.А.А фамилиясын атын атасынын атын Р. А..А деп өзгөрткөндүгү аныкталып, ал жашаган жерин алмаштырып изин жашырып жүргөн.
2021-жылдын 30-январында шектүү Р.А.А кармалып, аталган жазык иши өндүрүштөн жандандырылып, Кара-Кулжа РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош ОИИБи ушул жарандан жабыркаган жарандар болсо жакынкы ички иштер органдарына кайрылууну суранат.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

293