7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

262

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 1-февралында Аскер прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ч.Б. 319-берене (коррупция) менен каралган кылмышка шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Кармалган жаран мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барган. Ал өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.

Ошону менен бирге ушундай эле радиожыштык спектри 298 миллион 803 миң сомду түзүп, сатылганына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Учурда аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

263