Ысык-Көлдө эки адам өлтүрүүгө шектүү жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Изделип жаткан 26 жаштагы Ж.А. Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал ошол эле башкармалыкка жеткирилген. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.
Эске салсак, 1-февралда Ысык-Көл районунун Кашат айылында 54 жаштагы аял жана анын 29 жаштагы уулу жеке үйлөрдүн биринен өлтүрүлүп, жансыз денелери табылган.
Полиция шектүүнүн өздүгүн аныктап, издөө жана кармоо иштерин колго алган.