Ош ШИИБдин жетекчилиги Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган аймактын жашоочулары менен жолугушууга Ош ШИИБнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Б.Исраилов, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Т.Капаров, милициянын кайгуул кызматынын начальниги милициянын полковниги Альберт Абдыкеримов катышып, жашоочулардын арыз-даттанууларын жеринде угуп, көзөмөлгө алаарын айтышты.
Аймактык тескөөчүлөр тарабынан 2020-жылдагы аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилип, алдыга коюлган иш пландар боюнча айтылды. Андан соӊ суроо-жооп иретиндеги жолугушуу уланды. Жарандардын көйгөйлүү маселелери менен суроолоруна Ош ШИИБнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Б.Исраилов, Т.Капаров жооп берип жатты.
Көйгөй жараткан Кулатов кичи шаарчасынын түндүк тарабындагы Ош-Араван жолунда (Айлампа) оор жүк ташуучу автоунаалар стаянка кылып алганын жана Осмонов көчөсүнөн Ош шаардык клиникалык ооруканасына бурулган жолго жол чырак орнотуп берүүсүн ошондой эле аймактык тескөөчүлөргө атайын автотранспорт каражаттары менен камсыздап берип, тейлеген аймагында үзгүлтүксүз көзөмөлдөрдү жүргүзүүсүн айтып өтүштү.
Айтылган маселелерди толугу менен жетекчилик өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү кызматтарга сунуштамаларды жолдоорун айтты.