7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал- Абад ОИИБдин жетекчилиги Ноокен эли менен жолугушту

235

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги Жалал-Абад шаарынын жана Ноокен эли менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун аймагында участкалык инспекторлордун жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин 2020-жылы аткарган жумуштары тейлеген аймактарында элдин талкуусуна коюлуп жатат. Бул жолку элдик жыйын Ноокен районунун Достук айыл аймагында болуп өттү. Ага Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков, Ноокен районунун акими Абдрахман Осмонов, Ноокен РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Алтынбек Мусаев жана башка тиешелүү кызмат адамдары катышышты.

Элдик жыйын учурунда милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары тууралуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор орун алды. Андан соң Ноокен районунун Момбеков айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлуп, кызматкерлердин былтыркы жылдагы ишине оң баа берилди. Мындай элдик жыйын Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында да өткөрүлдү. Бул жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары, милициянын полковниги Алмаз Кудайбердиев, Жалал-Абад ШИИБдин начальниги, милициянын полковниги Эрнист Молдокеев жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору катышышты. Алгач участкалык инспекторлордун жыл ичинде аткарган жумуштары тууралуу баяндама берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду. Ошондой эле шаар аймагында тилемчилик кылгандарды текшерүү зарылдыгы белгиленди. Негизинен жыйындын катышуучулары тарабынан милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп бааланып, пандемия учурунда да өз өмүрлөрүн тобекелге салуу менен талыкпастан кызмат өтөшкөндүктөрү айтылды.Курманбек аймактык башкармалыгында 28 миңден ашуун калк жашайт. Бул аймакты 5 милициянын участкалык инспекторлору жана 2 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор тейлешет. Алар 2020-жылы 20 уурулук, 2 автотранспорт каражаттарын айдай качуу жана 7 тоноо фактысынын бетин ачышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

236