7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында жол кырсыгынан улам милициянын ага лейтенанты каза болду

231

3-февраль күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын Ак-Кокту тилкесинде Ауди С4 жана Тойота Ипсум унааларынын кагылышуусунда жол кырсыгы катталды. Жол кырсыгынын кесепетинен 39 жаштагы милициянын ага лейтенанты Марс Асанбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Асанбеков Марс 1982-жылы 3-октябрь күнү Нарын шаарында төрөлгөн. 2009-жылы ИИМдин Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборун аяктаган. 2009-2018-жылдары ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгында кызмат өтөгөн.

«2018-2020-жылдары Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык милиция, 2020-жылдын 3-июль күнүнөн азыркыга чейин Ат-Башы РИИБинин кызматкери болуп иштеп келген. Ички иштер органдарында ар бир ишке жоопкерчиликтүү, так жана өзүнүн кесипкөйлүүлүгү менен кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болгонго жетишкен. Үй-бүлөлүү. Артында жубайы, 5 жаштагы кызы калды.
Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Марс Аскербековичтин жаркын элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат»,
— деп жазылат маалыматта

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

232