7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр компаниясы эскирген дөнгөлөктөрдү кайра иштетүү заводун ишке киргизди

540

«Кумтөр Голд Компани» экологиялык жана туруктуу өнүгүү маселелерине ар дайым эң чоң артыкчылык менен көңүл бөлүп келет. Буга байланыштуу өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен компания Токмок шаарында (Чүй облусу) оор жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрүн, анын ичинде авиациялык жана башка типтеги жүк көтөрүмдүүлүгү 180 тоннага чейин автомашиналардын шиналардын оңдоого багытталган заманбап кайра иштетүүчү заводду куруу долбоорун демилгеледи.

Учурда долбоор жабдууларды текшерүү режиминде иштеп жатат. Бардык тестирлөө процесстери аяктап, керектүү уруксаттарды алынгандан кийин, ал толук ишке киргизилет. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Германия жана Россиядан келген заманбап техникалар колдонулат.

Жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү процесси тетиктерди – резина, металл элементтерди жана текстиль буюмдарын бөлүп алууну камтып, алар тиешелүү түрдө иштетилет. Алынган материалдар өнөр жай процесстеринде жаңы буюмдарды чыгаруу үчүн кайра колдонулат.

Бул долбоордун эң негизги максаты, калдыктар полигондорунда ташылган таштандылардын көлөмүн жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу. Мындан тышкары, жүк ташуучу унаалардын эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү дөңгөлөктөрдү жаңылоодо компаниянын ресурстарын 30-40%га чейин үнөмдөөгө шарт түзөт.

Токмоктогу кайра иштетүүчү ишкана жаңы жумуш орундарды камсыз кылуу менен гана чектелбестен, өлкөдөгү экологиялык жактан жоопкерчиликтүү тармакты өнүктүрүүнүн пайдубалына айланат. «Кумтөр Голд Компани» бул долбоорду тоо-кен өнөр жайындагы калдыктарды кайра иштетүүнүн жана аларды жөнгө салуунун ийгиликтүү үлгүсү кылып, жерди сактоого салым кошууга умтулат.

Тактап айтканда эски дөнгөлөктөр мындан ары ыргытылып же мончолорго жагылбай, кайра иштетилет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541