Сузакта адамды тоноого жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган. Анда 7-августан 8-августка караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсыл жерлерине урушуп, күч колдонуп автоунаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагында караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, кармап ур-токмокко алышкандыктарын билдирген.
Аталган маалымат 16-август күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 206-берененин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, тиешеси бар атуулдарды аныктап андан кийин кармоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада төмөндөгү шектүүлөр кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди:
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А..
Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.