7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында (U20) коло медаль жеңди

711

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы Амман шаарындагы (Иордания) мелдеште коло медаль жеңди.

Балбан кыз 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынады.

Калмира Билимбек кызы килем үстүнө 16-августта чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи кармашында ал өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде жеңди. Андан кийин 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып, таза жеңишке жетти. Чейрек финалда ал япониялык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Бирок жарым финалдык беттеште Калмира Билимбек кызы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алеся Гетмановага 4:6 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болуп калган. Коло үчүн беттеште Калмира Билимбек кызынын атаандашы түркиялык Севим Акбаш беттешип, жеңиш кыргызстандык кыз тарапта болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712