Сокулук районунда уурулукка шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январында Шопоков шаарындагы ишканалардын биринин өкүлү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 22-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр ишканага киришип, кабелдерин уурдап кеткенин билдирген.
Келтирилген материалдык чыгым 27 миң сомду түзгөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
«Сокулүк РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудага кылмышка шектелип, 20 жаштагы Б.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар кармалган. Алар уурдалган кабелдерди базарлардын бирине сатып жибергени аныкталган. Териштирүү учурунда шектүүлөрдүн дагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.