7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

893 миллиондук коррупция. Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

547

Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Анын айтымында, экс-мэр «Манас» эл аралык аэропорту» ААКты жетектеп турганда мамлекетке 893 миллион сом зыян келтирген.


Ал «Манас Эл аралык аэропорту» ААКнун жооптуу адамдарынын эл аралык каттамдарга жана жүк ташуу үчүн чет элдик «Гата эйрлайнс» компаниясына жеңилдиктерди берген. Анын натыйжасында, «Манас Эл аралык аэропорту» ААКнун 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен 12 млн. АКШ доллары ири өлчөмүндө мамлекетке зыян келтирилген.


Аталган факты боюнча азыркы учурда шектүү катары «Манас Эл аралык аэропортунун» дирекциясынын мурдагы башчысы Н.Белеков кармалган.


Азыркы учурда бул соттук өндүрүш боюнча «Манас Эл аралык аэропортунун» директорлор кеңешмесинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, ошол эле мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, ошондой эле акционердик коомдун башка жоопту кызматкерлерин, Мүлк фондунун жана Монополияга каршы агенттиктин жоопту кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548