7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абактан шарттуу түрдө бошотууну убада кылып акча талап кылган жетекчи колго түштү

1720

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 31-ТА жетекчиси «А.Т.О.» коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган «А.Т.О.» өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган.
Кечээ, 7-октябрында акча алып жаткан жеринен кармалып, Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1721