Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы депутат Жаныбек Абиров атайын сөз алып сүйлөдү. Ал өз каалоосу менен арыз жазганын, анткени мындай депутаттыкты аркалоо моралдык баалуулуктарга каршы келээрин билдирди. Мындан 1 жыл 3 ай мурда ант бергенин жана бул чечимдин оңойго турбастыгын белгиледи.
“Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» демекчи мен да адаштым. Мындан ары сиздер менен коштошпоймун, жолугушканга чейин гана демекчимин — деди ал.
Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн. Милиция мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгон. Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram