7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам укуктары боюнча жаштардын бюросу түзүлдү. Анын максаты кандай?

653

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту менен «Voice of Feedom» коомдук фондунун ортосунда түзүлгөн кызматташтык тууралуу эки тараптуу Меморандумдун негизинде  Акыйкатчы аппаратынын алдында Адам укуктары боюнча жаштардын бюросу түзүлдү.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, бюронун башкы милдеттери — жаш активисттер ыктыярдуу негизде Кыргызстандын жаштарынын укуктарын жана таламдарын илгерилетишет жана коргошот:

— өз укуктарын жана таламдарын коргоо жана илгерилетүүдө жаштарды жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде активдештирүү;

— Кыргызстандын жаш жарандарынын арасында укуктук сабаттуулук деңгээлин арттыруу;

— Кыргызстандагы курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жаш активисттерди жигердүү тартуу;

— Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына мониторинг жүргүзүүгө жаш активисттерди жигердүү тартуу;

— Кыргызстандын жаш жарандарынын потенциалын окутуу, тренингдер жана башка иш чаралар аркылуу өнүктүрүү.

Бюронун катышуучулары коомдук иш-чараларды, социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүү, медиа-ресурстарды, социалдык тармактарды, видеосюжеттерди колдонуу менен иликтөөлөрдү талдоо, ошондой эле мониторингдерди, укуктук талдоолорду жана экспертизаларды жүргүзүү менен КР Акыйкатчы аппаратына Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишине көмөк көрсөтүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

654