7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда адам сатууга каршы программа бекитилди

783

Министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, программанын максаты мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин жана кызматташуусун координациялоонун негизинде адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын – жактардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чараларынын системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.

Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

  • адамдарды сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого жана кайра жиберүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү;
  • адамдарды сатуунун алдын алуу;
  • адамдарды сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;
  • адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;
  • адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784