7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адвокат болуу чоң сыймык жана жоопкерчилик. Акылбек Жапаров адвокаттарды куттуктады

767

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров адвокаттарды (жактоочуларды) кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу адвокаттар!

Кыргызстанда адвокат кесибине 97 жыл толду. Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз адвокатурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.

Дал ушул Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин РСФСРдин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун 1925-жылдын 1-мартындагы № 45 токтому менен 3 адамдан турган биринчи жактоочулар коллегиясы түзүлгөн.

Азыркы мезгилде адвокаттардан жарандардын арасында укуктук туура аң-сезимди калыптандыруу үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүнү, инсандык сапаттарын өстүрүүнү, юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууну гана эмес, ошондой эле жеке кайраттуулукту да талап кылат. Адвокат болуу ар бир адамдын колунан келе бербеген чоң сыймык жана жоопкерчилик.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында адвокаттын статусун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнүн кесиптик майрам катары жыл сайын 1-мартта белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 2022-жылдын 28-февралында кол койдум.

Сиздерди КРнын Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздерге бардык бийик максаттарга жетүүнү жана ийгиликтерди каалайм!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768