7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев бажы жана салык кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди

4
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы жана салык кызматтарынын ишин жогору баалап, алардын планды ашыгы менен аткарып жаткандыгын белгиледи. Ал бул жетишкендик үчүн кызматкерлерге өзүнүн жеке ыраазычылыгын билдирди.
«Учурда бажы кызматында чоң реформалар жүрүп жатат. Анын негизги багыты — санариптештирүү жана ишкерлер үчүн шарттарды жеңилдетүү. Бир апта мурда QR-код аркылуу төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эми, ишкерлер кезек күтпөстөн эле QR-код аркылуу онлайн түрдө төлөй алышат. Бул система иштей баштагандан бери 1 жума ичинде 40 миллион сомдон ашык төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлгөн. Бул ишкерлер үчүн убакытты үнөмдөөгө жана жумушту ыкчам аткарууга шарт түздү», — делет маалыматта. 
Ошондой эле, санариптештирүүнүн натыйжасында бажы өткөрүү пунктарында дагы жеткишкендиктер бар. Мисалы, Эркештамдын импорт багытында унааларды өткөрүү жөндөмдүүлү суткасына 150-160 болсо, реформалардан кийин суткасына 500дөн ашык унааларды өткөрүү жөндөмүнө жетише алды. Мындай шарттар дагы бажы төлөмдөрүнүн көп чогулушуна негизги себептеринин бири.
5