Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Азербайжандын Баку шаарына барды.
Иш сапардын алкагында минкаб башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.
Ошондой эле ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары/вице-президенттери менен биргеликте Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушат.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.



