7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Казакстанга барды

6

Бүгүн, 26-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министринин орун басары — Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

7