7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Ишеналы Арабаев атындагы КМУ 80 жылдык юбилейине барды

145

Министрлер Кабинетинин төрагасы  Адылбек Касымалиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өлкөнүн эң эски жана алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болуп, улуттук педагогиканын жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын өнүгүшүнө маанилүү роль ойногонун белгиледи.

«Университеттин тарыхы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана агартуусунун көрүнүктүү ишмерлеринин ысымдары менен тыгыз байланыштуу. Ишеналы Арабаев, Төрөбай Кулатов, Муса Рыскулбеков жана Акима Оторбаева Кыргызстанда педагогикалык билим берүүнүн башатында турушкан», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин башчысы сегиз он жылдыкта университет 50 миңге жакын адисти даярдаганын, алардын олуттуу бөлүгү мугалимдер экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык мектеп мугалимдеринин 40%га жакыны ушул университеттин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. Учурда университетте 22 миңден ашык студент билим алат, ал эми профессордук-окутуучулук курам миңден ашык адамды түзөт, анын ичинде 85 илимдин доктору жана 300 илимдин кандидаты бар.

«Бүгүнкү күндө университет салттарды жана инновацияларды, маданий баалуулуктарды жана заманбап илимий жетишкендиктерди бириктирген билим берүү борборуна айланды. 80 жылдык юбилей – бул өткөнгө болгон урматтын гана символу эмес, ошондой эле жамааттын мамлекеттин, коомдун жана дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымын таануу», — деп белгиледи ал.

146