7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аэропротто заманбап талаптарга жооп берген асфальт төшөлүп жатат

196

«Кыргызстан аэропорттору» ААК Бишкек шаарындагы аэропорттун учуп-конуучу тилкесине заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт төшөп жатат. Бул тууралуу кечээ, 28-майда өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Аталган асфальт өзгөчө курамга ээ — ал сууну өзүнө сиңирбестен, жолдун эки тарабын көздөй түртүп чыгаруу касиетине ээ. Бул өзгөчөлүк, айрыкча, жаан-чачындуу күндөрдө жана кар жааган учурда учуп-конуучу тилкенин тез тазаланышын камсыздайт.

Асфальт термоберик материалдан жасалып, 150–170°C температурада басылып жатат. Жалпысынан 4005 метр тилке жаңыланууга тийиш. Учурда анын 916 метри бүткөрүлдү. Курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин толук аякташы күтүлүүдө.

197