7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Агай» тасмасында кайсыл учур чагылдырылган?

559

29-мартта А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында Руслан Акун режиссёрлук кылган “Агай” көп сериялуу тасмасынын бет-ачары өттү.

Тасмага тартылган айрым таланттарга министрликтин ведомстволук сыйлыктарын жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

“Агай” тасмасында Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1990-жылдардан кийинки айыл жериндеги социалдык, экономикалык, маданий абал чагылдырылган. Тасмадагы башкы каарман Гапыр агай. Ал аксаган билим сапатты жогорулатууну көздөп бирок бир топ кыйынчылыкка жана бут тосууга тушукканына карабастан, жыйынтыгында максатына жетип гимназия ачып, ал иштеп чыккан усулдар менен билим алган окуучулар республикалык олимпиададан алдынкы орундарды ээлешет.

Гапыр агай азыр арабызда бар. Гапыр Мадеминов Баткен облусундагы Лейлек районунун коңшу Тажикстан менен чек арада жайгашкан айылда “Акыл эмгегинин маданияты”, “Энелер мектеби” усулдарына таянып, № 3 эксперименталдык гимназияны түптөгөн. Ал иштеп чыккан усулдар, программа менен даярдап чыгарган китептер менен билим алган гимназиянын бүтүрүүчүлөрү ошол күндөн ушул күнгө чейин республикадагы жана чет өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга акысыз өтүп келишет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560