7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Агартуу министрлигинде жеке мектептер үчүн жаңы лицензиялык талаптар тааныштырылды

3

Бүгүн Агартуу министрлигинде жеке менчик мектеп ачууну пландап жаткан жарандар менен жолугушуу өттү.

Агартуу министрлиги маалымдагандай, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучулар онлайн дагы кошулушту.

Иш-чарада Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова катышуучуларга жаңы лицензиялык талаптар жана лицензияны толугу менен онлайн алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Эми жеке мектеп ачуу үчүн эч бир мамлекеттик органга барбастан, бардык документтерди https://license.edu.gov.kg/ сайты аркылуу тапшырып, лицензияны электрондук форматта алууга болот.

Бул жаңылануу мамлекеттик кызматтарды санариптештирип, ашыкча кагаз иштерин жана кезектерди жоюуну максат кылат. Мындан ары лицензия алуу процесси кыйла жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу болду.

4