7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо алды, атаандашынан допинг табылган

602

Эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Болгарияда өткөн дүйнөлүк тандоо мелдешинде Айаал Лазаревди жеңген индиялык Сумит Маликтин канынан допинг табылган. Эрежени бузганы үчүн Сумит Маликке берилген жолдомо алынып, Разаревге ыйгарылды. Аталган мелдеште Лазарев үчүнчү орун алган болчу.

Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшөт.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алды:

  • грек-рим күрөш
  1. Атабек Азисбеков,
  2. Жоламан Шаршенбеков,
  3. Акжол Махмудов,
  4. Үзүр Жусупбеков.
  • эркин күрөш

5. Эрназар Акматалиев,

6. Айаал Лазарев.

  • кыз-келиндер күрөшү

7. Айсулуу Тыныбекова,

8. Айпери Медет кызы,

9. Мээрим Жуманазарова.

  • жеңил атлетика

10. Дарья Маслова,

11. Юлия Андреева,

12. Мария Коробицкая,

13. Нурсултан Кеңешбеков.

  • сууда сүзүү

14. Денис Петрашов,

  • фехтование

15. Роман Петров,

  • оор атлетика

16. Бакдөөлөт Расулбеков,

  • ок атуу

17. Каныкей Кубанычбекова,

18. Владимир Золоев.

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603