7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочулардын эсине: 13-17-октябрда Боом капчыгайындагы кооптуу таштар түшүрүлөт

146

13-октябрдан 17-октябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иштер күндүзү, саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында КР ИИнМдин ЖКККББ тарабынан унаа жол убактылуу жарым-жартылай жабылат.

“Унаа жолду таштардан тазалоо учурунда транспорт каражаттарынын кыймылы бир тилке боюнча уюштурулат. Эгерде 30–40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, унаалардын өткөрүлүшү камсыздалат.
Бул иш-чара таш кулоолорду алдын алуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө”, — деп берилет маалыматта.

Жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууга жана өз сапарларын жүргүзүлүп жаткан иштерди эске алуу менен алдын ала пландаштырууга чакырабыз.

147