Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери «Бахус» аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.
Рейд учурунда айдоочулардын бардык керектүү документтери текшерилип, ошондой эле транспорт каражаттары жолду жасалма түрдө тарытуу аркылуу — башкача айтканда, атайын тыгын түзүп, ар бир унааны өзүнчө текшерүү жолу менен көзөмөлдөнөт.
Мындан пайдаланып, МККБ шаардын айдоочуларынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Рейддин жүрүшүндө айдоочуларга Жол кыймылынын эрежелери камтылган китепчелер таратылып, аларды кайталап окуу сунушталууда.
МКББнын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында кызматын активдүү улантууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



