7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айдоочуларга тоскоол болуп жатышат». Бишкектеги көчөлөрдө кайыр сурагандар милиция бөлүмүнө жеткирилүүдө

1345

Милициянын кайгуул кызматкерлери көчөдөгү акча сураган кайырчыларды жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки күндүн ичинде 104 жаран бөлүмгө жеткирилген. «Айрыкча тилемчилик менен алек болгон жарандар чоң көчөлөрдүн кесилишинде турушуп, (кээде коляска менен) айдоочулардан акча чогултуу учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына абдан эле тоскоолдуктарды жаратууда. Айдоочулар алардан айланып өтөм деп, кээде жол кырсыгына кабылып, же “коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдөрүнө түшүп калган фактылар катталууда. Ошондуктан Милициянын кайгуул кызматкерлери бул жарандарга карата атайын иш-чараларды жүргүзүп, ал жарандардын аты жөнүн тактоо менен жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирүүдө. Ошол эле учурда мектептерге жакын аймактагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер төлөлөрдөгү отурган кайырчылардын да аты жөнүн тактоо менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан дем алыш күн дөрү 104 кайырчылык кылган жаран милиция бөлүмдөрүнө, 11 жаран Коломто муниципалдык жайына ошондой эле 2 жаш өспүрүм жаш өспүрүмдөр менен иштешүү кызматкерлерине жеткирилди»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1346