7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айлыгымды аялым алат». Казакстандын депутаттары айлыгын кайда жумшаарын айтты

850

Казакстандын мажлис депутаттарынын айрымдары беш жыл бою айлык акысы өспөй турганына эч өкүнбөй тургандыгын билдирген. Бул тууралуу  казак басылмалары жазып чыгышты.

Ал тургай айрым эл өкүлдөрү өмүрүндөй мындай суммадагы айлык акы алып көрбөгөнүң, азыр рахатын көрүп жаткандыгын айтышкан.
«Көпчүлүк менен көргөн улуу той» деген казактын жакшы макалы бар эмеспи. Ошол принцип менен болуу керек. Аялым алат, карточка аялымда. Колуна 650, 630 миң теңге алат. Эт-айылдан, туугандардан келет, ошондо 170-200 миң теңгедей кетсе керек«,- деген мажлис депутаты Эрлан Сайыров.
Ал эми Элнур Бейсенбаев аттуу эл өкүлү буга чейин мындай маяна алып көрбөгөндүгүн жашырган эмес.
«Ошол себептүү азыркы айлык кирешелүү. 600 миң теңгедей айлык алам. 150 миңдейи азык-түлүккө кетет. Себеби көп балалуу үй-бүлөбүз. Башкасынын баарына жетет«,-деген депутат.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар чиновниктердин маянасын жогорулатууга беш жылдык мораторий жарыялаган. Министрлердин 900 миңден башталса, депутаттар 600 миң теңгеден жогору айлык акы алары айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

851