7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айлык акыны көтөрүү керек». Таласта медкызматкерлердин жетишсиздиги айтылды

622

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат.

Талас шаарынан келген делегат Медетбек Ноорузбаев өзү медицина кызматкери экенин айтып, тармактагы кадр жетишсиздиги боюнча көйгөйдү көтөрдү.

«Медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги Талас шаарындагы эле эмес, өлкө боюнча курч турган маселе. Мисалы, Талас облусуна 273 дарыгер керек болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 151ди гана түзөт. Ошондо жалпы 122 дарыгер жетишпейт. Бул деген 50%дын тегерегин түзөт. Дарыгерлердин жетишсиздиги айлык маянага келип такалат. Көйгөйдү чечүү үчүн айлык акыны көтөрүү керек. Бул өз кезегинде тармактагы коррупция маселесин алдын алууга дагы өз таасирин тийгизмек», — деди ал.

Ошондой эле делегат саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жетекчилиги астында саламаттык сактоо тутумунда жакшы реформалар жана иштер жасалып жатканын кошумчалады.

623